Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Аскар Акаев: соңку жылдары өлкөдө кылмыштын саны азайды


БИШКЕК. 1-ноябрда Кыргызстандын Ички иштер органдарынын кызматкерлери милициянын уюшулганынын 79 жылдыгын белгилешти. Буга байланыштуу адегенде Бишкектеги Алатоо аянтында милиция кызматкерлеринин парады, андан соң Т. Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында салтанаттуу жыйын өттү. Ага мамлекет башчы Аскар Акаев, өкмөт мүчөлөрү жана башка ырасмий адамдар катышты. Президент өз сөзүндө соңку жылдарда Кыргызстанда кылмыштын саны азайып жаткандыгын айтып, ага милиция кызматкерлеринин кошкон салымы чоң экендигин белгиледи. Жыйын соңунда президент А. Акаев Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлиги берген 40 автомашинаны Ички иштер министрлигине тапшырды.

XS
SM
MD
LG