Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Тапио Саавалайнен Кыргызстанда дандын баасынын өсүшүн каалабайт, бирок, айлык акыларды көтөрүүгө каршы


БИШКЕК. «2004-жылдагы республикалык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн көбөйтүү зарыл». Бул тууралуу учурда Кыргызстанда жүргөн Эл аралык валюта корунун миссиясынын жетекчиси Тапио Саавалайнен ишемби күнү өкмөт башчысы Николай Танаев менен жолугушкан учурда маалымдады. Эл аралык валюта корунун өкүлү 2004-жылы казынадан айлык алып жаткандардын маянасын жогорулатууга маакул эместигин билдирди. Анын пикиринде, айлык акынын көбөйүшү инфляциянын жогорулашына шарт түзөт.
Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны быйыл 14-октябрындагы отурумунда 2004-жылдагы республикалык бюджеттин долбоорун биринчи окууда бекитүү тууралуу токтом кабыл алган. Ал токтомго ылайык кыргыз өкмөтүнө 2004-жылдын 1-июнунан тартып мугалимдер менен дарыгерлердин эмгек акысын 50% жогорулатууга каражат табуу милдети жүктөлгөн.
2004-жылдын республикалык бюджетинин киреше бөлүгү 14 млрд. 107 млн. сом, ал эми чыгаша бөлүгү 14 млрд. 668 млн. сом. Бюджет тартыштыгы 561 млн. сомду түзгөн.

XS
SM
MD
LG