БИШКЕК. Бүгүн ЕККУ төрагасынын Борбор Азия боюнча өкүлү Марти Актисаари Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун маалыматына караганда, жолугушуу учурунда өлкөдөгү адам укуктарынын абалына байланыштуу пикир алмашуу болду. «Мен өз сөзүмдө, - деди Эдил Байсалов. - Президент Аскар Акаев Аксы окуясы боюнча күнөөлүү адамдарды жазалоо боюнча эмдигиче эч кандай чара көрбөй келгендигин айттым. Менин мындай пикиримди жолугушууга катышкан «Кыргызстан юристери» ассоциациясынын төрагасы Шамарал Майчиев да колдоп, ал өлкөдөгү айрым эркин массалык маалымат каражаттары сот аркылуу жабылып жаткандыгын билдирди».