Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:31

Израиль миңдеген палестиндерге иш ордуна кайтып келүүгө уруксат берди


Газа тилкесинен бүгүн 10 миңдей палестин жумушчулары Израилдин аймагына өтүштү. Алардын кыймылы өткөн айда Хайфа шаарындагы каргашалуу жанкечти чабуулунан кийин чектелип калган эле. Бүгүн таң заарынан израиль аскерлери текшергенден кийин, палестин жумушчулары Эрез өткөөлү аркылуу өтүп, Израилдеги иш орундарына кайтып барышты.
Израиль армиясынын маалымат кызматы ошондой эле Батыш Жээктеги шаарлар ортосундагы коомдук унаа каттамдары кайра ачылып жаткандыгын бышыктады.
Анын аралыгында, Израилдин премьер-министри Маскөөгө келди. Ариэль Шарон мында Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процесси жана Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүү жүргүзөт деп кабарланууда.

XS
SM
MD
LG