Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:23

БУУнун мартабалуу өкүлдөрү Ооганстанга келишти


Коопсуздук Кеңешинин 15 мүчө-өлкөсүнүн дипломаттары бир жума бою Ооганстандагы коопсуздук кырдаалы, кайра куруу аракеттери жана адам укуктарынын абалы менен таанышышат.
БУУнун өкүлдөрү өлкөдө абал курчуган мезгилде келишүүдө.
Сарипул провинциясында тажиктердин "Жамият" милициясы менен өзбектердин "Жунбиш" тобунун кагылышуусунда жума күнү беш киши, анын ичинде карапайым аял жаш баласы менен набыт болгон. Жамияттын жергиликтүү кол башчысы генерал Абдул Сабордун маалымдашынча, чабыш бүгүн да уланууда.
Жамияттын дагы бир командири Малим Абдул Азиз "каршы тараптар оор куралдарды, танк жана ракеталарды колдонуп жатат" деп билдирди. Аталган фракциялар Ооганстандын Бамиян, Гор жана Бадхис провинцияларындагы наркозаттарды ташуучу жолдор үчүн согушуп келишет.

XS
SM
MD
LG