Ташкендин жанындагы Таваксай түрмөсүндө отурган Руслан Шариповго журналисттер менен жолугушууга уруксат берилди. Май айында камалгандан берки алгачкы интервьюсунда Шарипов бачабаздык күнөөсүн кыйнап жатып мойнуна алдырышканын, башка көз карандысыз журналисттерди коркутуу үчүн, ага жалган жалааларды жабышканын айтып берди.
Гомосексуал экенин жашырбаган Шарипов бачабаздык жана жаш балдар менен жыныстык катнашта болгон деп күнөөлөнүп, эркинен ажыратылган. Көз карандысыз журналист, укук коргоочу активист август айында, советтик доордон калган мыйзамдар боюнча, жабык сотто соттолгон эле.