БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев баштаган делегация Грецияга иш сапары менен жөнөп кетти. Кыргыз делегациясы грек парламентинин спикери Апостолос Какламанис, парламенттин вице-спикери Панагиотис Сгоирис менен жолугушат. Кыргыз парламенттик делегациясы мындан тышкары Грециянын солчул партиялар коалициясынын төрагасы Никос Константопоулус жана оппозициялык «Жаңы демократия» партиясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу күтүлөт.