Жекшемби күнү 6 миң палестин Израилге барып иштөөгө мүмкүнчүлүк алышты. Ар кандай иштерди иштөөгө, жалпы жонунан 15 миң палестинге уруксат берилген. Израил бир ай мурда Хайфа шаарындагы терактан кийин палестиндердин израилдин аймагына кирүүсүнө тыйуу салган.
Ушул эле күнү Палестин автономиясынын башчысы Йасыр Арафат Израил менен сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирди. Бирок Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон Арафат эмес, палестин премьер-министри Ахмед Корейи менен сүйлөшө турганын маалымдаган.