Иракта Фаллужа шаарынын жанында АКШнын тик учагы ракета менен атылып,жарылуудан 15 аскер курман болду.
АКШ армиясынын маалымат катчысы полковник Уиллиам Дарлей мындай деди:
- Кыйроонун натыйжасында 15 киши набыт болду, 21и жарадар. Жараат алгандар ооруканага жеткирилди.
АКШнын президенти Жорж Буш Ирактагы ири салгылаштар токтотулду деп жарыялагандан бери, америка аскер күчтөрүндө жешембидегидей чоң жоготуу болгон эмес.
АКШнын Коргонуу катчысы Дональд Рамсфельддин айтымында, согуш тик учагы ракета менен атылган. Бул жоокерлердин өлүмү “жалпы америкалыктар үчүн трагедия” деди Рамсфельд.
Ирактагы АКШлык башкаруучу Пол Бремер Си-ен-ен телеканалына берген маалыматында “ал-Каиданын” согушчандары Иракка Сирия аркылуу келүүдө деген күмөн саноосун билдирген.