БИШКЕК. 4-6-ноябрь күндөрү Бишкекте «Кыргыз мамлекеттүүлүгү Евразиянын чындыктар системасында» аттуу эл аралык конференция болот. Ага 14 өлкөнүн чыгыш таануу боюнча белгилүү илимпоздору катышат. Үч күнгө созула турган конференция беш секцияда иштеп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына Евразия континентиндеги мамлекеттердин тийгизген таасири илимий негизде талкууга алынат. Бүгүн бул тууралуу Кыргыз улуттук университетинин басма сөз катчысы Нурбүбү Ашымбаева билдирди.