Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Кыргызстанга эл аралык финансы уюмдарынын жетекчилери жана АКШнын өкүлдөрү келмек болушту


БИШКЕК. Ноябрдын орто ченинде Кыргызстанга Дүйнөлүк Банктын вице-президенти Шигео Катсу жана Азия Ѳнүктүрүү Банкынын президенти Тадао Чино иш сапары менен келээри күтүлүүдө. Мындай маалымат Кыргызстандын Финансы министрлигинен алынды. Андан тышкары, ноябрдын ортосунда Кыргызстанга АКШнын мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия боюнча жардамчысы Елизабет Жоунс жана демократия, адам укуктары, эмгек маселелери боюнча жардамчысы Лорн Крейнер келет. Алар Кыргызстанга Борбор Азия өлкөлөрү боюнча иш сапарынын алкагында келип, Бишкекте Көз карандысыз басма үйүн ачуу аземине катышат. Мындай маалымат бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен алынды.

XS
SM
MD
LG