Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Саудиянын полициясы Мекке шаарында эки исламчыл согушкерди жок кылды

Полиция бүгүнкү атышуу учурунда согушкерлер бекинип жаткан жерди курчоого алган. Ал жерден ири өлчөмдө курал-жарак жана жардыруучу заттар табылды. Полициянын ишениминде, муну менен ыйык Рамазан айынын учурунда ишке ашырылышы белгиленген террактка жол берилген жок. Саудиянын бийликтери быйыл май айында жанкечтилер өлкөнүн борбору Эр-Рияд шаарында жасаган терракттардан кийин исламчыл согушкерлерге каршы күрөштү күчөтүүдө.
​
XS
SM
MD
LG