Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:43

Грузиядагы парламенттик шайлоодо өкмөтчүл партиялардын саясий блогу алдыда келе жатат, ЕККУ добуш берүү эреже бузуулар менен өттү деп эсептейт


Баштапкы маалыматтарга караганда, өкмөтчүл партиялардын "Жаңы Грузия үчүн" деп аталган саясий блогу добуштардын 24% алган. Экинчи орунда 22% добуш менен оппозициянын "Демократиялык фронт - Улуттук Кыймыл" блогу келе жатат. Шайлоого катышкан оппозициячыл партиялардын калган үчөөсү да парламентке кирүү үчүн талап кылынган 7% добушту топтогон. Улуттук кыймыл блогу шайлоо бекеттериндеги сурамжылоолор алардын жеңишин көргөзгөнүн билдирүү менен бийликти добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалаганы үчүн айыптоодо. Президент Эдурад Шеварнадзе бүгүнкү радиокайрылуусунда мындай ырастоолорду төгүндөп, өлкөнүн тарыхында эң демократиялык шайлоо өткөнүн белгиледи:

- Бул шайлоонун оң жагы – мурда болуп көрбөгөндөй ачыктыгы, граждандык көзөмөл жогору деңгээлде болгону, маалымат каражаттарынын кеңири тартылуусу. Маалымат каражаттары бул шайлоо ийгиликтүү өтүшүнө жардамдашты.

Ал эми ЕККУ уюмунун парламенттик ассамблеясынын төрагасы Брюс Жорждун билдиргенине караганда, алардын байкоочулары шайлоо олуттуу эреже бузуулар менен коштолгонуна күбө болгон.

XS
SM
MD
LG