Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:09

Иракта күтүүсүз кол салуулар күч алууда


Дүйшөмбүдө Ирактын борбору Багдадда жайгашкан АКШ менен Британиянын убактылуу администрациясын белгисиз күчтөр курал менен аткылашты. Кабарларга караганда жабыр тарткандар бар. Ал эми башка бир маалыматтарга караганда Наджаф шаарында Саддам Хусейндин режими учурундагы чиновниктердин иштерин териштирген сот комиссиясынын төрагасы өлтүрүлгөн. Шейиттердин шаары Кербалада Ирандык зияратчылар жайгашкан мейманканын жанында жардыруу болуп,
3 адам набыт болгон. АКШнын президенти Жорж Буш: “Ирактагы кол салуулардын күчөгөнүнө карабасатан АКШ терроризм менен күрөшүүдөн жана Иракта демократия курууга жасаган кадамынан кайтпайт,”-деп билдирди дүйшөмбүдө. Анын айтымында:

- Ирактагы душмандар Америка качып кетет деп боолголошууда. Ошондуктан алар күнөөсүз атуулдарга, аларды коргоочу коалициялык күчтөргө кол салууда. Америка эч качан качпайт.

Ошондой эле Британиянын премьер-министри Тоти Блэр коалициялык күчтөр Ирактагы жоготууларга карабай, аны калыбына келтирүү үчүн акыр аягына чейин болорун билдирди.

XS
SM
MD
LG