Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:35

Беларустун Кыргызстандагы элчиси Баткен облусуна барды


БАТКЕН. Облус губернаторунун чакыруусу менен келген элчи Александр Козырь алгач облустун активи менен жолугушту. Жолугушууда элчи Беларус Республикасынын бүгүнкү абалы жөнүндө кеңири маалымат берип, өлкөнүн соңку жылдардагы ийгиликтери тууралуу айтып берди. Ал кыргыз-беларус мамилелери бекемдеп баратканына токтолуп, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү өткөн 8 ай ичинде 34% өскөнүн буга мисал келтирди. Андан соң Беларустун Кыргызстандагы элчиси Айдаркендеги сымап, Кадамжайдагы сурма комбинаттарында жана Кызылкыя шаарындагы тамеки ферментациялоочу заводдо болду.

XS
SM
MD
LG