Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:43

Кыргызстандын тышкы иштер министринин Кытайдагы иш сапары аяктады


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун Кытайдагы иш сапары аяктады. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан бүгүн алынган маалыматка караганда, А. Айтматов Боао шаарындагы эл аралык конференцияга катышып, Кытайдын тышкы иштер министри Ли Чжаосин менен жолугушту. Анда эки тараптуу байланыштар жана эл аралык маселелер талкууга алынды. Андан тышкары, Аскар Айтматов Боао форумунда Азия өлкөлөрүнүн экономикасы жана анын келечеги тууралуу сөз сүйлөдү.

XS
SM
MD
LG