Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Газ үчүн Кыргызстандын Өзбекстанга карызы көбөйдү


БИШКЕК. «Кыргызстан газ үчүн Өзбекстанга карызын төлөй албай калгандыктан, Өзбекстан кыш айларында газ бербейт» деген маалыматты бүгүн «Кыргызгаз» акционердик коомунун басма сөз кызматы жокко чыгарды. Бирок «Кыргызгаздын» басма сөз кызматкери Асел Максутова «Кыргызгаздын» Өзбекстанга карызы 11 млн. долларга жеткенин, анын 9 млн. доллары товар менен бериле тургандыгын, 2 млн. доллары накталай төлөнө тургандыгын билдирди. Бул карыздын 8 млн. долларын «Кыргызгазга» «Электр станциялары» ишканасы төлөөгө тийиш. Анткени «Кыргызгаз» быйылкы жылдын башынан бери өзүнө келген газды Бишкек ТЭЦине жана Ош шаарына берген. Андан тышкары, эл менен мекемелердин «Кыргызгаз» ишканасына карызы 301 млн. сомго жетти. Мунун ичинен калктын карызы 192 млн. сом болду. Энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Уларбек Матеевдин бүгүн берген маалыматына караганда, газсыз калбаш үчүн карызды тезинен төлөө зарыл. Анткени газ берилбей калса, электр энергиясын пайдалануу күчөп, ал электр тармактарын үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн. «Ошондуктан электр кубатын 300 мегаваттка азайтууга мажбур болобуз», - деди Уларбек Матеев.

XS
SM
MD
LG