Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Ооганстандын Конституциясы президентке кеңири укуктарды берет


КАБУЛ. Ооганстандын тышкы иштер министри өлкөнүн жаңы Конституциясы боюнча президент өлкөнү бириктирүү укугуна ээ болоорун билдирет. Ассошиейтед Пресс кабар агенттигине берген интервьюсунда Абдулах өлкөнү бириктирүү үчүн президент колдо болгон бийлигинен пайдалана ала турганын айтты. Ошону менен бирге министр негизги мыйзам аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу бийлик бутактарынын ортосунда тең салмактуулуктун сакталышына шарт түзө турганын билдирет. Конституциянын долбоору келерки айда 500 мүчөдөн турган Лойа Жыргада талкууланып, колго койулат. Негизги мыйзам келерки жылы июнда боло турган эркин шайлоого жол ачмакчы. Бирок өлкөнүн “Тажик Жамия-и-Исламия” фракциясы Конституция президентке ого эле көп бийлик бере турганын жана бул диктаторлукка жол ача турганын билдирип, шайлоодо президент Карзайдын талапкерлигине каршы чыга турганын айтууда.

XS
SM
MD
LG