ТЕГЕРАН. Бүгүн миңдеген ирандыктар мындан 24 жыл илгери болгон окуяларды эскерип, мурда АКШнын элчилиги жайгашкан имараттын алдында митинг өткөрүштү. Демонстранттар "Америкага өлүм", "Израилге өлүм" деп кыйкырып жатышты. 1979- жылы бийликтен кулатылган шахка баш баана сунуш кылган АКШнын элчилигин студенттер басып алышып, андагы адамдарды 444 күн бою барымтада кармашкан.