Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Латвияда Россиянын аба мейкиндигине байкоо жүргүзө турган радар орнотулду


РИГА. Латвияда Россиянын аба мейкиндигине байкоо жүргүзө турган радар орнотулду. Латвиянын коргоо министрлигинин өкүлү генерал Раймонд Граубенин айтымында, бул радар НАТОнун курамына келерки жылы кире турган «Балтика байланыш желесинин» алкагында орнотулду жана Россиянын аба мейкиндигин кыйла жерине көзөмөл жүргүзгөнгө мүмкүндүк берет. Радар Ригадан 190 килеметр чыгышыраак жайгашкан Аудрини деген жерде орнотулган. Россиянын Ригадагы элчилигинин өкүлү Леонид Будаков бул окуяга комментарий бергенден баш тартты. Россия Балтика жумурияттарынын НАТОго мүчө болуп кирүүсү Россияга кооп туудураарын билдирген жана алардын НАТОГО кирүүсүнө каршы чыккан.

XS
SM
MD
LG