Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

«ЮКОС» компаниясынын иши 2-3 айдын ичинде нормалдашат


МОСКВА. "ЮКОС-Москва" компаниясынын төрагасы болуп дайындалган Семен Кукес “ЮКОС” компаниясынын иши эки-үч айдын ичинде нормалдаша турганын билдирди. Мындан 10 чакты күн мурда “ЮКОСтун” жетекчиси Михаил Ходорковскийдин камакка алынганына байланыштуу компаниянын акциялары арзандап кеткен эле. Кечээ күнү Ходорковский кызматтан кеткендигин жарыялаган соң, баалуу кагаздар дагы 12 процентке арзандады. Компаниянын акциялары азыр эң жогорку баасынан 20 процентке арзан. Бүгүн өткөргөн пресс-конференциясында Кукес Ходорковский ага каршы кылмыш иши козголгондон мурда эле кызматтан кетүүгө ниеттүү болгонун билдирди. Ходорковский алдамчылык кылган жана салык төлөөдөн качкан деп күнөөлөнүүдө.

XS
SM
MD
LG