БИШКЕК. Бүгүн А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында чыгыш таануучулардын эл аралык эки күндүк конференциясы башталды. Ага Орусиянын, Кытайдын, Казакстандын илимпоздору жана жергиликтүү окумуштуулар катышууда. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган бул конференцияда президент Аскар Акаев, академик Владимир Масон, кытай окумуштуусу Ху Чжин Хуа жана башкалар сөз сүйлөп, бул иш-чара чыгыш таануучулардын байланышын бекемдегенин белгилешти.