Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Кыргызстандын укук коргоочулары ЕККУнун жыйынына катышканы кетишти


БИШКЕК. Эртең-бүрсүгүнү Австриянын борбору Вена шаарында кыйноолорго байланышкан маселелер боюнча ЕККУнун конференциясы өтөт. Ага Кыргызстандан белгилүү укук коргоочулар Рамазан Дырылдаев, Төлөкан Исмаилова жана Азиза Абдрасулова катышмакчы. Укук коргоочулардын бүгүн «Азаттыкка» билдиргенине караганда, ЕККУнун жыйынында Кыргызстандагы кыйноолорго байланыштуу отчет жарыяланмакчы. Отчетто Аксы окуясы, өлкөдөгү митинг-демонстрацияларга катышкандарга күч колдонуу фактылары мисал келтирилмекчи. Бүгүн кыргызстандык укук коргоочулар Хельсинки уюмунун башчысы Аарон Роджерс баштаган укук коргоочулар менен жолугушуп, Кыргызстандагы демократиянын абалын талкуулашты.

XS
SM
MD
LG