БИШКЕК. Бүгүн Бишкекке Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча башкы комиссарлыгынын эл аралык коргоо департаментинин директору Эрика Феллер айым келди. Анын Кыргызстандагы иш сапарынын максаты - качкындарды коргоонун абалы менен таанышуу. Ал ушул эле күнү биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов менен жолугушту. Жолугушууда качкындар иштери боюнча кыргыз өкмөтү менен БУУнун Башкы комиссарлыгынын ортосундагы кызматташтык жана качкындарды коргоо маселеси талкууга алынды. Эрика Феллер айым Кыргызстанда 7-ноябрга чейин болуп, Кыргызстандын атуулдугун алган тажикстандык качкындарга паспорт тапшыруу аземине катышат.