Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:00

Бишкектеги ири объектилерге өзгөчө электр эсептегичтер коюлмак болду


БИШКЕК. Бишкек шаарындагы электр энергиясын көп сарптаган жайларга ушул ноябрь айынан тартып Казакстанда жасалган өзгөчө эсептегичтер коюла баштайт. Бул тууралуу бүгүн электрди бөлүштүрүүчү «Түндүк электр» ишканасынын башчысы Юрий Данилов билдирди. Анын маалыматына караганда, ноябрдын ичинде жаңы эсептегичтер Бишкекте жайгашкан 3407 ири объектинин 700нө орнотулат. Бул электр энергиясын уурдоого жакшы бөгөт болот. Анткени жаңы эсептегичтерди мурдагы эсептегичтердей кылып артка бурап, жасалмалоого мүмкүн эмес. Энергия тармагындагы кыйын кырдаалды талкуулаган Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин Бишкектин 1695 кардарынын жарыгы карызы үчүн өчүрүлдү. Алардын арасында Спорт сарайы сыяктуу ири жайлар бар. Электр жарыгы үчүн акы төлөбөгөн жайларды Башкы прокуратура иликтөөгө ала баштады.

XS
SM
MD
LG