Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:43

Ганси авиабазасын жардырууну көздөгөндөр кармалды


БИШКЕК. Кечээ Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы (УКК) эл аралык антитеррордук коалициянын П. Ганси атындагы авиабазасын жардырууга аракет кылган үч кишини кармады. Мындай маалымат бүгүн УККнын басма сөз катчысы Чынара Асановадан алынды. Анын маалыматына караганда, УККнын тергөө бөлүмүнүн өкүлдөрү кол салууга даярдык көргөн үч адам жана кол салуу аракети тууралуу кеңири маалымат тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча берилбесин билдиришти. Ал эми «Кыргызинфо» агенттиги кол салууга даярдангандар «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрү катары Пакистан менен Ооганстандын лагерлеринде атайын даярдыктан өтүшкөнүн кабарлады.
«Манас» аба майданындагы П. Ганси атындагы авиабазанын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Брюс Видаль авиабазага кол салуу аракетине байланыштуу атайын билдирүү таратты. Анда авиабазанын коопсуздугун камсыз кылууда зор камкордук көрүп жаткандыгы үчүн кыргыз өкмөтүнө антитеррордук коалиция абдан ыраазы экендиги жазылган.

XS
SM
MD
LG