Жакын арада Дүйнөлүк соода уюму болот тарифтери боюнча АКШ менен жүрүп жаткан талашта оң чечим чыгарат деп күтүлүүдө. Евросоюздун соода комиссары Паскаль Ламинин билдиришинче, АКШ тарифтерди декабрдын ортосуна чейин күчүнөн кетирбесе, Евросоюз тез арада экономикалык санкцияларды киргизет. Болот өндүрүүчүлөрдүн абалын оңоо максатында, Кошмо Штаттары 2002-жылдын март айында болот экспортуна тариф киргизген эле.