Багдаддан Вашингтонго жаңы кайтып келген АКШнын Коргонуу катчысынын орун басары Пол Уольфовиц "ирактыктардын арасындагы сурамжылоо алардын көбү АКШ аскерлеринин Иракта кала беришин жактаарын көрсөттү" деп ырастады.
Уольфовиц кайсы сурамжылоо жөнүндө айтып жатканын тактаган жок:
– Ирактыктар биздин кетишибизди каалашабы? Албетте, акыры кетет дешет. Бирок сурамжылоо ирактыктардын көбү жеңилгендердин бийликке кайтып келбешин кепилдөө үчүн зарыл болгон убакытка калышыбызды каалашарын көрсөттү.
Мунун алдында Багдадда АКШ баштаган коалициянын аскерлери экинчи күн катары менен түнкү кол салууга дуушар болду. АКШ армиясы билдиргендей, кечээ Убактылуу коалициялык бийликтин штаб-квартирасына жакын жерди аткылоодо кеминде төрт киши жараат алды.
Ал эми бүгүн эртең менен Мосул шаарында АКШ армиясынын турагына ракета менен атылган гранаталар түшүп жарылды. Жапа чеккендер болгон жок.