Европа Биримдиги дагы кечээ күнү - уюмга эмдиги жылы кошула турган Чыгыш Европалык он мамлекетти сынга алып, алар шашылыш чече турган проблемаларды атады. Польшага карата тогуз андай маселе аталды, Биримдикке мүчө болуп кирүүгө Словения эң даяр болуп чыкты, анын чече турган бир гана маселеси бар.