Бириккен Улуттар Уюму кечээ күнү атайын билдирүү жасап, терроризмге каршы көрүлүп жаткан чаралар тууралуу 58 мамлекет өз улуттук отчетторун белгиленген убакта берген жок деп билдирди. Алардын көпчүлүгү Африка, Азия жана Алыскы Чыгыш өлкөлөрү. Андай маалыматтар Бириккен Улуттарга 1-ноябрга чейин тапшырылууга тийиш болчу. Уюмга бардыгы болуп 191 мамлекет мүчө болуп кирет.