Орусиянын АКШдагы элчиси Юрий Ушаков кечээ күнү америкалык сенатор Жон Маккейнди сынга алып, анын билдирүүлөрү Кансыз согуш учурундагы эски ойлорго окшош жана АКШ менен Орусия ортосундагы стратегиялык кызматташууга туура келбейт деп айтты. Маккейн Сенатта чыгып сүйлөп, ЮКОС компаниясынын жетекчисин камакка алуу менен Маскөө эски СССР же андан мурдагы падышалык Орусиянын саясатын кайталоодо деп билдирген.