Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:53

«Аксылык энелер кыймылы» жергиликтүү жана борбордук бийликке нааразы


БИШКЕК. Жергиликтүү жана борбордук бийлик Аксы окуясында жабыр тарткандарга материалдык жана моралдык жардам көрсөткөн жери жок. Аксы окуясында курман болгондордун үй-бүлөлөрү жана балдары компенсация ала албай убара тартышууда. Бул туурасында бүгүн «Аксылык энелер кыймылынын» төрайымы Дилбар Момукулова билдирди. «Эгер мындай убаракерчилик улана берсе, нааразылык акциясына чыгууга мажбур болобуз», - деп билдирди кыймылдын мүчөсү Айбарча Сатыбекова. Анын айтымында, акцияда Аксы окуясында ок аткандарды жазалоо талабы да коюлат.
Былтыркы марттагы Аксы окуясындагы ок атууда беш адам набыт болгон. Аксы окуясында күнөөлүү катары 6 жооптуу кызматкер сот жообуна тартылып, кийинчерээк Республикалык аскер соту аларды «кылмыш курамы жок» деген негиз менен актап чыккан.

XS
SM
MD
LG