БИШКЕК. Бүгүн Австриянын борбору Вена шаарында Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) адамды кыйноо маселеси боюнча конференциясы башталды. Ага Кыргызстандын укук коргочулары Рамазан Дырылдаев, Төлөкан Исмаилова жана Азиза Абдрасулова катышууда. Алар конференцияда Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы, Аксы окуясында жана андан кийин митингдерге, пикеттерге катышкан атуулдарга күч колдонуу фактылары боюнча атайын отчет беришти. Мындан тышкары, кыргызстандык укук коргоочулар Аксы окуясынын күнөөкөрлөрү ушул кезге чейин жоопко тартыла элек экенин белгилешти. Бул туурасында бүгүн Венадан алар өздөрү кабарлашты. ЕККУнун конференциясы эртең да улантылат.