Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Бүгүн Кыргызстанга Индиянын коргоо министри келди


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекке бир күндүк жумушчу сапары менен Индиянын коргоо министри Жорж Фернандес келди. Ушул эле күнү ал президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, коргоо министри Эсен Топоев менен жолугушуп, аскердик кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Кыргызстандагы аскер кызматчыларын тилге үйрөтүү, аскердик билим берүү, тоолуу аймактарда аскер кызматын өтөөгө машыктыруу сыңары маселелер сүйлөшүүлөрдүн негизин түздү. Бул тууралуу бүгүн Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы аскердик кызматташтык «Аскердик-техникалык кызматташтык тармагындагы түшүнүшүү жөнүндө» 1997-жылы кол коюлган меморандумдун негизинде ишке ашууда.

XS
SM
MD
LG