БИШКЕК. Азия Өнүктүрүү Банкынын президенти Тадао Чино Борбор Азиядагы иш сапарынын алкагында эртең Бишкекке келет. Ушул эле күнү Тадао Чино Кыргызстандын президенти Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев менен жолугушуп, банктын Кыргызстанда ишке ашып жаткан долбоорлору менен таанышаары болжолдонууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Кыргызстандан кийин ал Тажикстанда Азия Өнүктүрүү Банкынын өкүлчүлүгүнүн ачылышына катышат. Азия Өнүктүрүү Банкынын жетекчисин банктын Чыгыш жана Борбор Азия боюнча жетекчиси Мухаммед Гусним коштоп жүрөт.