Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:45

Түндүк Корея "КЕДО" концорциуму мүлкүн өлкөдөн чыгарып кетүүсүнө жол бербейт


Түндүк Корея эгер АКШ жетектеген эл аралык концорциум өлкөгө жеңил сууда иштей турган эки атомдук реактор куруп берүүнү караган долбоордун ишин эч кандай компенсация төлөп бербестен туруп токтотсо, контрчара көрөрүн эскертти. Түндүк Кореянын жаңылыктар агенттиги бүгүн өлкөнүн тышкы иштер министрлигине шилтеме берип билдиргенине караганда, Пхеньян мындай учурда АКШ,Түштүк Корея, Жапония, Евросоюзга аталган концорциумдун мүлкүн алып кетүүгө жол бербейт. "КЕДОнун" Башкаруучулар кеңеши апта башындагы жыйынында, долбоорду токтотуу маселесин макулдашкан болчу.

XS
SM
MD
LG