Бул тууралуу БУУнун Коопсуздук Кеңеш делегациясынын Ооганстандагы беш күндүк иш сапарынын соңунда айтылды. Делегация башчысы, Германиянын БУУдагы элчиси Гүнтөр Плөйгер белгилегендей, баардык сүйлөшүүлөрдө коопсуздук маселеси үстөмдүк кылды.
Иш сапары учурунда БУУнун делегациясы Ооганстандын түндүгүндөгү Мазари - Шариф шаарында аскерлери улам кагылышып жаткан өзбек колбашчысы Абдул Рашид Достум жана тажик колбашчысы Мохаммед Атта менен да кездешти жана аларды өз ара урушту токтотуп, борбордук өкмөт менен кызматашууга үндөдү.