Добуштардын 70%ы саналгандан кийинки маалыматка караганда, өкмөтчүл партиялардын "Жаңы Грузия үчүн " деп аталган саясий блогу 26% добуш менен алдыда келе жатат. Андан кийинки орунда 23,3% добуш менен оппозициянын Улуттук кыймыл блогу турат. Солчул Лейбористтик партия 14,3%, "Буржанадзе –демократтары" деп аталган дагы бир оппозициячыл блок 9,4% добуш топтогон. Кечээ жана мурда күнү Тбилисиде бир нечи миң адам шайлоонун жыйынтыктарына нааразылык билдирип, демонстрацияга чыгышкан эле. Оппозиция өкүлдөрү бийликти добуштарды бурмалаганы үчүн айыптап, президент Э.Шеварнадзеден буга жол бергендерди жазалоону талап кылууда.