Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:56

Римде Европа Биримдиги менен Орусиянын саммити аяктады


Анын соңунан таратылган билдирүүдө айтылгандай, тараптар бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзүү жаатындагы аракеттерди күчөтүүнү, коопсуздук жана стабилдүүлүктү сактоо боюнча кызматташтыкты чыңдоону макулдашты. Саммитте Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсүнүн келечеги жөнүндө да сөз болду жана бул келерки жылдын соңуна чейин ишке ашып калышы мүмкүн. Орусиянын президенти В.Путин саммиттин соңундагы пресс-конференцияда мындай деди:

- Жолугушуунун негизги жыйынтыгын бөлүп көргөзгүм келет. Орусия жана Европа Биримдиги тең укуктуу, эки жакка тең бирдей пайдалуу кызматташттык принцибинин негизинде өз ара аракеттерин мындан ары өркүндөтүүгө даяр.

Орусия президенти ошондой эле, "ЮКОС" компаниясынын айланасындагы окуяларга токтолуп, бул менчиктештирүүнүн жыйынтыгы жалпы экономикалык саясат кайра каралат дегенди туюндурбасын, мамлекеттин мындагы максаты - тартип орнотуу экенин белгиледи. Еврокомиссиянын төрагасы Романо Продинин айтымында, Путин аларды "ЮКОСтун" иши адилет иликтенээрине ишендирген. Римдеги сүйлөшүүлөргө Романо Продиден тышкаары, уюмдун азыркы төрагасы, Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони, тышкы саясатты тейлеген комиссар Хавьер Солана катышты.

XS
SM
MD
LG