Орусиянын "Интерфакс" агенттигинин кабарлашынча, Ачык коом институтунун Маскөөдөгү кеңсесине кечээ кечинде куралчан адамдар кирип, уюмдун беш кызматкерин барымтага алды. Институттун басма сөз катчысы Ирина Рачееванын айтымында, келгиндер - Институт жайгашкан имарат үчүн соттошкондор. Ачык коом институту америкалык миллиардер Жорж Соростун акчасына түзүлгөн, анын баш кеңсеси Нью-Йорк шаарында жайгашат.