Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

Жекшемби күнү Грузияда өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыктары чыга элек


Грузиянын шайлоо комиссиясынын айтымында, жекшемби күнү өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун 90 пайыз добушу саналып бүттү жана биринчи орунга 21 пайыз добуш менен оппозициялык "Кайра жаралуу бирикмеси" чыкты. Бирикмени Ажариянын президенти Аслан Абашидзе жетектейт. Экинчи орунда 20 пайыз менен "Жаңы Грузия үчүн" аттуу өкмөттүк блок, үчүнчү орунда болсо 19 пайыз добуш менен оппозициялык Улуттук кыймыл келатат. Улуттук кыймылдын жетекчиси Михаил Саакашвилинин айтымында, мындай жыйынтык бурмалоонун натыйжасында чыгууда:
- Алар эми - биринчи орунда алар гана эмес, аларды колдогон Ажариялык уюм да алдыда экенин көрсөтүүгө аракеттенип, бизди үчүнчү орунга жылдырып салышты. Аны менен шайлоонун чыныгы жыйынтыгы жокко чыгарылууда жана аны биз өкмөт уюштурган мамлекеттик төңкөрүш деп баалайбыз.
Бир нече миң адам Тбилиси шаарында төрт күндөн бери президент Эдуард Шеварднадзеге каршы демонстрация өткөрүүдө.

XS
SM
MD
LG