Италияда кечээ күнү Европа Биримдиги менен Орусия ортосунда бийик жолугушуу болуп өттү жана президент Путин жыйындан кийин аны жогору баалады:
- Саммиттин негизги жыйынтыгы - Орусия менен Европа Биримдиги бир-бири менен кызматташууга жана ал кызматташууну алар тең укуктуу деңгээлде, эки тараптын тең пайдасында өнүктүрүүгө даяр экенин көрсөткөнүндө.
"ЮКОС" компаниясынын жетекчиси Михаил Ходорковскийдин камалышы тууралуу берилген суроого Путин - ар бир кылмыш жазаланууга тийиш деп билдирди. Анын айтымында, бардык жарандар мыйзам алдында тең болуш керек жана мындай аракеттер менен орус жетекчилиги коррупцияга каршы күрөшүүдө.