Расмий Бэйжиндин чечимине ылайык, жугуштуу СПИД дартына чалдыккан 5000дей оорулуу өкмөттүн эсебинен бекер дарылана турган болду. Өткөн түнү мамлекеттик телеканал аркылуу калкка кайрылган Кытайдын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Гао Жан өкмөт акча-каражаты жетишсиз оорулууларды кымбат дарылар менен бекер камсыздап, оорукананын калган чыгымдарын да көтөрөөрүн билдирди. Бэйжиндик Синхуа кабар агенттигинин маалыматына ылайык, Кытайда 840 миңдей киши СПИД оорусуна чалдыккан, буга чейин жугуштуу дарттан 150 миңдей адам көз жумду. Жакында Бириккен Улуттар Уюму оорунунун жайылышын кыскартуу чаралары көрүлбөсө, 2020-жылы Кытайда СПИД вирусун жуктургандардын саны 10 млн адамга жетет деп эскерткен болчу.