БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Азаттык» радиосунун 50 жылдык мааракесине арналган ««Азаттык» радиосу жана Кыргызстандагы сөз эркиндиги» аттуу конференция болду. Коомчулуктун кеңири катмарынын катышуусу менен өткөн конференцияда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун директорунун орун басары Роман Трейси сөз сүйлөдү. Ал «Азаттык» радиосунун өлкөдө демократияны орнотуудагы кызматына, өткөөл мезгилдеги оош-кыйыштарга токтолду. Ал эми «Азаттыктын» башчысы Тынчтыкбек Чоротегин «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматын түзүүнүн тарыхы жана азыркы кезде жүрүп жаткан өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берди. Конференциянын катышуучулары «Азаттыктын» Кыргызстанда демократияны курууда өтөп жаткан эмгегин жогору баалашты.