БИШКЕК. Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) миссиясы Кыргызстандын экономикалык өсүшүнө жардамдашуу жана жардылыктан арылуу боюнча 3 жылдык программанын аткарылышынын экинчи жылдагы абалын иликтеди. Буга байланыштуу миссия башчысы Тапио Саавалайнен кечээ басма сөз жыйынын өткөрдү. Анда белгиленгенге караганда, программанын өткөн эки жылы жакшы жыйынтыктарды берди. Программанын келерки жылда басым жасала турган өңүттөрү - тышкы карыздарды реструктризациялоо боюнча шарттарды аткаруу, бюджеттин тартыштыгын азайтуу, инфляциянын өлчөмүн 4% ашырбоо. Ал эми ички дүң продукт 4,1% чейин өсөт деп болжолдонгон. ЭВФтин Т.Саавалайнен баштаган миссиясы Кыргызстанга 22-октябрда келген.