БИШКЕК. Президенттин жардыгы менен Ош шаарынын мэри Жантөрө Сатыбалдиев вице-премьер-министр деңгээлинде президенттин энергетика маселеси боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, мындай чечим өлкөнүн энергетика тармагында түзүлгөн оор кырдаалды жөнгө салуу максатында кабыл алынды. Кыргызстанда электр энергиясын жоготуу 45% жетүүдө жана тармактагы мындай оор кырдаал өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында 18-октябрда талкууланган.