БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанда Улуу октябрь революциясынын күнү белгиленди. Бишкекте бул күнү Улуу октябрь революциясынын уюштуруучусу Владимир Лениндин эски өкмөт аянтына орнотулган эстелигинин ачылыш салтанаты болду. Ага премьер-министр Николай Танаев, Бишкектин мэри Медетбек Керимкулов жана Кыргызстан коммунисттер партиясынын башчысы, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Абсамат Масалиев катышып, сөз сүйлөштү. В. И. Лениндин эстелиги Бишкектин Борбордук аянтына 1984-жылы орнотулган. Ал эми быйыл 16-августта эстелик өкмөттүн токтомуна ылайык алынып салынган. Кийинчерээк бул маселени «өкмөт «Лениндин эстелиги жөнүндөгү» мыйзамды бузду» деген негиздеме менен коммунисттер парламенттин талкуусуна коюшкан.