Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Чеченстанда адам укуктарынын бузулушун Бириккен Улуттар сынга алды


Бириккен Улуттардын Адам укуктары боюнча комитети кечээ күнү атайын билдирүү жасап, Чеченстандагы абал үчүн Орусиянын жетекчилигин катуу сынга алды. Комитеттин айтымында, Чеченстанда адамдардын дайынсыз жоголушу, кармалгандардын сотсуз жазаланышы, кыйноолор жана зордуктоолор дагы эле ири өлчөмдө орун алууда, кылмыш кылгандарга каршы болсо тийиштүү аракет көрүлбөйт. Андан тышкары, эгемендүү маалымат каражаттары Чеченстанда жокко эсе, ал эми Маскөөнүн театрында өткөн жылы болгон барымта окуясы толук тергелип чыгууга тийиш.

XS
SM
MD
LG