Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:02

Турсунбек Акундун арызы сотто каралат


БИШКЕК. Укук коргоочу Турсунбек Акун тарабынан «Агым» гезитинин мурдагы редактору Мелис Эшимкановго каршы берилген доо арызды 12-ноябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту карай баштайт. Бул тууралуу Турсунбек Акун өзү маалымдады. «Арыз берүүгө «Агым» гезитин Мелис Эшимканов жетектеп турган чакта менин адамдык арнамысыма шек келтирген маалыматтардын таратылышы себеп болду» деп белгиледи укук коргоочу. Т.Акун М.Эшимкановдон 5 млн. сом өндүрүп берүүнү соттон өтүнүүдө. М.Эшимканов «арнамысыма шек келтирген маалымат таратты» деп, буга чейин Т.Акунду жана «Аалам» гезитин сотко берген эле.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG