Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Президент А.Акаев Индияга бара турган болду


БИШКЕК. 10-ноябрда Делиде ЮНЕСКОнун демилгеси менен уюштурулган «Билим берүү жалпыга» аттуу программа боюнча бийик деңгээлдеги үчүнчү жолугушуу өтөт. Ага катышканы Кыргызстандан президент Аскар Акаев барат. Иш сапарынын учурунда ал Индиянын президенти, премьер-министри жана ЮНЕСКОнун жетекчилиги менен жолугушмакчы. Бишкекке президент 11-ноябрда кайтып келет. Бул тууралуу бүгүн президенттин басма сөз кызматы кабарлады. 15 жылга эсептелген «Билим берүү жалпыга» программасы ЮНЕСКОго мүчө болгон мамлекеттер тарабынан Дакар форумунда 2000-жылы кабыл алынган. Кыргыз өкмөтү бул долбоордун алкагында өз программасын былтыр иштеп чыгып, кабыл алган.

XS
SM
MD
LG